• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экономика министрлиги Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. 21-июлда экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Борбордук жана батыш Азиядагы Азия өнүктүрүү банкы департаментинин директору Шон О’Салливан жана АӨБнын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис Мак Дэйган менен жолукту.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче, тараптар 2018-2022-жылдар аралыгында кызматташуу стратегиясын талкуулашты.

Абакиров өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2040-жылга чейин мамлекеттин узак мөөнөттүү стратегиясы иштелип чыкканын айтты. Мындан тышкары кыргыз өкмөтү тарабынан кийинки 5 жылдыкта өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу аракеттери башталганын билдирди.

Ошондой эле, тараптар инвестициялык климатты жакшыртуу багытындагы экинчи программаны ишке ашыруу боюнча пикир алышышты.

Жолугушуунун соңунда эки тарап бири бирине мындан аркы кызматташуу кызыкчылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий