• 79.5
  • 81.44
  • 1.25

Экономика министрлиги базарларда ККМди жокко чыгарууну карап жатат

Экономика 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Жумушчу топ базарларда кассалык-көзөмөл машинасын колдонбоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомунун графиги боюнча базарлар ККМди үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап колдоно башташы керек эле.

“Биз базарлардын өкүлдөрү менен жолугушуп, жумушчу топ түзүлгөн, азыр анын ишинин алкагында базарларга өзүнчө атайын салык салуу маселеси каралып жатат. Бул жумушчу топтун жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, бирок өзүнчө атайын салык режимин иштеп чыгууда базарлар тарабынан ККМны колдонбоо маселеси да каралат. Бирок бул азырынча чечиле элек жана макулдашуудан кийин маалымат берилет, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий