• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Экономика министрлиги "Бир айыл – бир продукт" долбоорун өлкө аймактарына жайылтат

Экономика 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Экономика министрлиги "Бир айыл – бир продукт" долбоорун өлкө аймактарына жайылтууну пландап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусундагы "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун алкагында 23 млн. сомдук продукция чыгарылган.

Ал долбоордун алкагында өндүрүлгөн продукциялар Япония, Америка жана коңшу өлкөлөргө экспорттолгон. Алардын арасында кийизден жасалган буюмдар, бал жана башкалар бар.

"Учурда ал долбоорду өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу аракети көрүлүүдө. Ошондой эле жакында өкмөт 2019-2023-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү боюнча программаны бекитти. Ал программада экспортту, анын ичинде айыл чарба, сүт азыктары жана башка тармактарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча так иш-аракеттер камтылган. Мындан тышкары, өткөн жылдын аягында Кытай, Индия жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнө болгон экспортту алдыга жылдыруу боюнча иш-аракеттер Планы бекитилген. Ал жакта жетишкендиктер бар десе болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий