• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экономика министрлиги дүкөн иштеткен тараптар боюнча түшүндүрмө берди

Экономика 0

Бишкек. 13.03.23./Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги дүкөн иштеткен тараптар боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомствонун маалымат кызматы кабарлагандай, айрым ЖМКлар “Дүкөнчүнүн ордуна башка бирөө отурса айып салынат” делген маалымат чыкты.

"Бүгүнкү күнү патенттик негизде (товардык обороту 8 млн сомго чейинки) иштеп жаткан ишкерлер кошумча жалданма жумушчулары керек болсо, ар бирине эмгек акысына киреше салыгын төлөөнүн ордуна айына 700 сом патент алууга укуктуу.

Президенттин Жарлыгы менен Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчанын өлчөмү 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер толугу менен салыктардан бошотулат.

Ал эми, Жогорку Кеңештин комитетиндеги талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбооруна 8 млн сомго чейинки ишкерлерге акысыз эки жалданма жумушчу алуу укугун берүү чечими кабыл алынды.

Мисалы, бир үй-бүлө дүкөндү жолдошунун атына патент алып иштетип жатса жана анын зарыл иши чыгып калса ал дүкөндү жубайына же балдарынын бирине убактылуу табыштап кете алат.

Товардык обороту 8 млн сомго чейинки ишкерлер патенттик негизинде да иштей алат ", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий