• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономика министрлиги ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында өндүрүлгөн товарлардын тиешелүү документтери болушу керектигин эске салды

Экономика 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Экономика министрлиги ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында өндүрүлгөн товарлардын тиешелүү документтери болушу керектигин эске салды. "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Экономика министрлигинин Техникалык тескөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабданов билдиргендей, Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагындагы продукциялардын тийиштүү документтери болушу кажет. Товарлар техникалык регламенттин талаптарына туура келиши керек.

"Продукцияны алып кирүү жана алып чыгуу үчүн керектүү болгон документтердин тизмеси бар. Айыл-чарба азыктарын алып чыгуу үчүн биримдиктин техникалык регламенти аткарылышы зарыл. Андай документтер эт, сүт азыктары, жеңил өнөр жай ж.б. үчүн керек", - деди ал.

Анын айтымында, талап кылынуучу документтердин катарында талапка ылайык келгендиги тууралуу сертификат, талапка ылайык келгендиги тууралуу декларация, ветеринардык сертификат, фитосанитардык сертификат ж.б. керек.

Пикир

Оставить комментарий