• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экономика министрлиги экспорттун өсүшү үчүн каралган салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Экономика министрлиги экономиканын жана экспорттун өсүшү үчүн каралган салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдиргендей, былтыр үч тармакка салыктык жеңилдиктер берилген.

"2019-жылы салык тармагында үч тармакка жеңилдик берилди. Биринчиси – айыл чарба. Айыл чарба продукциясын кайра өндүрүүчү ишкерлерге кошумча нарк салыгын 80%га чейин азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2008-жылы ушундай жеңилдик берилип, ал 2018-жылы аяктаган. Эми биз аны узарттык. Статистиканы карасак, 2008-жылы 3,9 млрд сомго айыл чарба продукциясы кайра иштетилип чыгарылган экен. Ал эми 2018-жылы ал 15,3 млрд сомду түзгөн", - деди ал.

Ал белгилегендей, андан башка соода-логистикалык борборлорго да жеңилдиктер берилген. Алсак, кошумча нарк салыгынан жана пайдага болгон салыктан, мүлк салык, дээрлик бардык салыктар боюнча жеңилдиктер каралган.

"2019-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен айыл чарба продукциясын экспорттоо 131%га чейин көбөйдү. Сүт азыктарын алсак, баа боюнча экспорт 146%га жетсе, ал эми натуралдык көлөмү 117%ды түзүүдө. 2018-жылдын 10 айында 49 миң тонна төө буурчагы экспорттолсо, былтыр 10 ай ичинде ал 69 миң тоннага жеткен", - деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, артыкчылыктуу аймактарга да жеңилдиктер берилди. Учурда ал боюнча өлкөдө 30 шаар белгиленген. Ал жерлерде иш алып барган инвестор, ишкерлерге 4 салыктын түрү боюнча жеңилдиктер берилет.

"Анын негизинде, учурда 30 регион 4 салыктан бошотулууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар пайдага жана сатыкка болгон салык, ошондой эле мүлк жана жер салыгынан жеңилдик берилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий