• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экономика министрлиги ишкерлерди ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгаруучу товарларга белги коюуда дыкат болууну өтүнөт

Экономика 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Экономика министрлиги кыргызстандык ишкерлерди ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгаруучу товарларга белги коюуда дыкат болууну өтүнөт.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Экономика министрлигинин Метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаевдин билдиргени боюнча, Кыргызстандан өндүрүлгөн продукцияны ЕЭАБ өлкөлөрүнүн базарларына чыгарууда айрым кыйынчылыктар бар. Маселен, товарга белги коюу.

"Товарга белги коюуда айрым техникалык регламенттер бар. Азыкты идентификациялоо мүмкүн болушу үчүн анын атын жазууда дыкат болуу керек. Андан тышкары, азыктын чыккан күнү, айы, жылы, убактысы жазылышы кажет. Кичине гана ката болсо, ал талапты бузуу катары эсептелет", - деди ал.

Анын айтымында, азыкты текшерип, талапка ылайык келгендиги тууралуу сертификат ж.б. документтерди алуу үчүн 33 сынак лабораториясы бар.

Пикир

Оставить комментарий