• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди 2022-жылга чейин узартууну сунуштоодо

Экономика 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди 2022-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштоодо.

"Өлкөдөгү экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана бизнес чөйрөнүн активдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика министрлиги тарабынан өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 "Ишкерчилик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтом долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн аппаратынын кароосуна сунушталды. Ага ылайык, ишкерчилик субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган", - деп билдирет Экономика министрлиги.

Министрликтен белгилешкендей, өкмөттүн аталган токтомунун 1-пунктунда айтылгандай, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий