• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экономика министрлиги: Кыргызстанда ишкерлерге пайызсыз финансылык жардам берилет

Экономика 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, аталган программа Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

"Долбоордун максаты - майда, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү. Анын алкагында 72 млн. долл. өлчөмүндө пайызсыз каражат берилет. Бул болжол менен 6 млрд 84 млн сом", - деп айтты Татиков.

Министрлик каражат пайызсыз негизде берилгени менен ал сумманы кайтаруу шарты бар экенин белгиледи. Башкача айтканда, үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат.

Бул иштерди аткаруу үчүн төмөнкү банктар менен келишим түзүлдү:

- "Айыл банк";

- "Азия банкы";

- "ФинансКредитБанк";

- "Кыргызстан коммерциялык банкы";

- "Борбордук Азиялык Капитал банкы".

Калктын финансылык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана долбоорго катышкан банктардын санын көбөйтүү максатында 1-октябрда төмөнкү банктар менен да келишим түзүлдү:

- "Халык Банк Кыргызстан";

- "Керемет банк";

- "Дос-Кредобанк".

Белгилей кетсек, сентябрдын башында кайсы компанияларга канча каражат берилери айтылган:

- Патент менен иштеген майда ишкерлер үчүн жалпы 30 млн доллар бөлүнөт. Ал бир карыз алуучуга 100 миң сомдон каралган;

- Салык төлөп келген чакан, орто ишканаларга, юридикалык жана жеке тараптарга 42 млн доллар берилет. Ар бир ишкер 825 миң сомго чейин ала алат.

Пикир

Оставить комментарий