• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономика министрлиги сатуудан түшкөн салыктын ченин 2ден 5 пайызга чейин жогорулатпоону чечти

Экономика 0

Бишкек, 19.09.18 /Кабар/. Экономика миинстри Олег Панкратов Салык кодексине накталай эсептер үчүн сатуудан түшкөн салыкты 2ден 5 пайызга чейин жогорулаткан өзгөрүүлөрдү кайрадан артка кайтарууну тапшырды. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда козголгон маселелерди талкуулоого арналган кеңешмеде айтты.

Панкратов ишкерлердин ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү начарлаткан мыйзамдагы өзгөрүүлөргө мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле өкмөттүн токтомунун бекитилишин күтпөй нормативдик-укуктук актылардын бизнес-субъектилердин абалын начарларткан мурда киргизилген долбоорлорун артка кайтарууну тапшырды. Анын ичинде сатуудан түшкөн салыктын ченин 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу боюнча сунуш бар. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

“Мамлекет башчысынын ишкерлер менен болгон диалогунун алкагында бир нече көйгөйлүү темалар көтөрүлдү. Ыйгарым укуктарга жана Экономика министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгондорду биз системалаштырып жатабыз. Кийин аларды чечүү боюнча президенттин тапшырмаларын аткарууга киришебиз”, - деди Олег Панкратов.

Президент менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн параллелдүү долбоорлоо маселеси боюнча Панкратов курулуш нормаларын жөнгө салуу саясаты Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ыйгарым укуктарына тиешелүү экендигине карабастан Экономика министрлигине бул маселеде колдоо көрсөтүп, өнөр жай объектилерге параллелдүү долбоорлоо үчүн мыйзам чыгаруучу негизди иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Панкратов президенттин бизнес-коомчулук менен жолугушуусунда Экономика министрлиги тарабынан аймактардагы өнөр жай ишканалары үчүн жеңилдиктер маселеси боюнча чечимдин кабыл алынышынын кечиктирилиши тууралуу маселе көтөрүлгөндүгүн айтты.

“Аталган токтом азыркыга чейин кабыл алына элек. Маселени тез арада чечүү керек, ал эми дисциплинардык комиссия министрдин орун басарынын жоопкерчилигин карап чыгып, тиешелүү чараларды көрүшү керек”, - деди министр.

Эске салсак, 2018-жылдын жайында Экономика министрлиги накталай эсеп үчүн сатуудан түшкөн салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатууну сунуштаган. Муну менен министрлик сатуудан түшкөн салык жок болгон накталай эмес эсептерге өтүүнү стимулдаштырууну көздөгөн.

Пикир

Оставить комментарий