• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Экономика министрлиги согуш ардагерлерин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Экономика министрлиги Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш ардагерлерин майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Экономика министри Санжар Муканбетов 9-майдын алдында ардагер Абдулхалик Гайнинди министрликтин жана өз атынан куттуктаган.

"Оор сыноолорго туш болгон сиздердин муун бардык жакшы нерселерге татыктуу", - деген ал.

Абдулхалик Гайнин 93 жашта. Ал согушта байланышчы, телеграфчы болуп Ыраакы Чыгышта, Харбинде, Венада, Болгарияда иштеген. Гайнин Ала-Арча-1 резиденциясында электрик болуп иштеп пенсияга 81 жашында чыккан.

Министрдин орун басары Автандил Алыбаев согуш ардагери Иван Александрович Зубовдун үйүнө барып куттуктаган.

Иван Зубов 97 жашта. Москвадагы 5чи Фрунзе дивизиясында кызмат өтөп, туткунда да, жарадар да болгон. Берлинге чейин барган. Бишкекте жер иштетүү институтунда сүрөтчү болуп иштеп, пенсияга чыккан.

Ошондой эле куттуктоо сөздөрү 94 жаштагы ооруктун эмгекчиси Жигайлова Елена Петровнага айтылган. Министрликтин атынан аны статс-катчы Айдин Шаршеев куттуктаган.

Ардагерлерге чын ден соолук, узун өмүр каалоолору айтылып, белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылган.

"Урматтуу Улуу Атам Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, сиздердин эрдигиңиздерге таазим кылабыз. Жеңиш күнүңүздөр менен куттуктайбыз", - деп айтылат Экономика министрлигинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий