• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экономика министрлигинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Кечээ, 3-октябрда КР Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги № 81 «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кызматкерлери катышкан улуу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеченин салтанаттуу бөлүгүн ачып жатып статс-катчы Айдин Шаршеев кызматкерлерди Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, кыргыз тилинин өнүгүүсүнүн маанисине жана улуттук маданият жана баалуулуктарды сактоонун мындан ары улантып кетүүнүн маанисине токтолду.

"Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү И.Кадыров сөз сүйлөп өз сөзүндө Чынгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучубуздун чыгармачылыгы муундан муунга актуалдуу маселелерди камтыган түбөлүктүү ойлору менен өзгөчөлөнө тургандыгына басым жасап кетүү менен, ар бир кыргыз ушундай улуу инсаны менен сыймыктанса боло тургандыгын айтып өттү", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы бүгүнкү күндөгү актуалдуу көйгөйлөргө байланышкан улуу ойлорун, образдарын министрликтин кызматкерлери сахналаштырып, жандуу ойноп берүү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси Мээрим Коңурбаева КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси менен сыйланды.

Кеченин акырында катышуучулар баалуу белектер жана байгелер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий