• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экономика министрлигинде Дүйнөлүк банк менен кызматташуу маселелери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын экономика министрлигинде министр Олег Панкратовдун Дүйнөлүк банктын микроэкономика, соода жана инвестиция маселелери боюнча глобалдык пррактикасынын менеджери Сандил Махаджан менен жолугушуусу болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, миссиянын негизги максаты – КРдагы макроэкономикалык процесстер, экономикалык реформалар жана стратегиялык документтер менен тааныштыруу, экономикалык башкаруу тармагындагы өнүктүрүү саясатын колдоо үчүн операциянын алкагындагы иштин жүрүшү тууралуу маалымдоо.

Жолугушууда Дүйнөлүк банк менен кызматташуу маселелери, Дүйнөлүк банк тарабынан техникалык жардам көрсөтүү үчүн сунуштар, экономикалык сектордогу акыркы тенденциялар, экономикадагы реформалар, мамлекеттик инвестициялардын сапатын жогорулатуу үчүн чаралар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий