• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экономика министрлигинде ички рыноктун керектөөсүн товарлар менен камсыздоо маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында министрликте бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ички рыноктун керектөөсүн товарлар менен камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кампаларда ички рыноктун керектөөсүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү негизги азык-түлүк (ун, кант, өсүмдүк майы ж.б.) жана күйүүчү-майлоочу майдын эки айга жете турган кору бар экенин белгилешти.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу башка өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларды автомобиль жана темир жол аркылуу транзиттик жеткирүүлөр кечиктирилген жок.

Бүгүнкү күндө “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” өткөрүү пункттары толук кандуу иштеп жатат. “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда байланыш түйүндөрүндөгү техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду, аларды жакынкы аралыкта жоюу күтүлүүдө.

Ошону менен бирге, эң зарыл товарлардын баасынын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө үчүн министр Амангелдиев бизнесмендер тарабынан социалдык багыттагы баа саясатын сактоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине базардагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Баалардын анормалдуу кескин өсүшү болгон учурда Экономика жана соода министрлиги социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу демилгесин көтөрөт.

Пикир

Оставить комментарий