• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономика жана финансы министри Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кечээ, 11-майда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде баш болгон Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда калкты эмдөөгө байланыштуу саламаттыкты сактоо жаатындагы долбоорлорду талкуулашты, аларды ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Ошону менен бирге өлкөдөгү регионалдык жол долбоорлоруна жана жеке секторду өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер да көтөрүлдү.

"Энергетика тармагындагы тарифтерди" кайра карап чыгуу жана аны өркүндөтүү сценарийи жолугушуунун маанилүү темасы катары каралды.

Учурда КР Экономика жана финансы министрлигинин алдында фискалдык мыйзамдар боюнча артыкчылыктуу милдеттер турат. Өз кезегинде, Дүйнөлүк банк бул маселени кызыгуу менен карап, ушул багытта мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешип эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий