• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономика жана финансы министринин орун басары болуп Жарасул Абдураимов дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, Абдураимов Жарасул Осмоналиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынган, мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий