• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Экономика жана финансы министрлигинин кызматкерлеринин 50,6 пайызы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Экономика жана финансы министрлигинин кызматкерлеринин 50,6 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, министрликтин штатынын учурдагы саны 4 миң 722 бирдикти түзөт.

“Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы вакцина алгандардын саны 2 миң 392 адам (50,6%), алардын ичинен борбордук аппараттан – 60, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдөн – 2 миң 332 эмделди”, - дейт ал.

Абдураимов белгилегендей, министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн COVID-19га каршы вакцинациялоо жол-жоболору уюштурулду. Ошондой эле кызматкерлер арасында коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине каршы күрөшүү үчүн вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп жатат.

“845 кызматкердин (17,9%) вакцина алууга каршы көрсөтмөлөрү бар. Ал эми 516 (10,9%) кызматкерлер соңку алты айдын аралыгында ооруга чалдыккандар. Ошону менен вакцина ала элек кызматкерлердин саны 969 (20,6%)”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий