• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү. Биринчи редакциядагы айрым нормалар алып салынды

Экономика 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунан кээ бир нормалар алып салынды. Бул тууралуу бизнес-коомчулук менен жолугушууда экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети жана Жогорку Кеңеш менен талкуу жүргүзүлдү, анын натыйжасында мыйзамдын биринчи редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди. Бир катар түзөтүүлөр алынып салынды. Алар - Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске, жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарга, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар, соода, лицензиялоо жана уруксат берүү тутуму жана Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Иманалиев мыйзам долбоору мамлекеттин экономиканын кризистик кырдаалдарына ыкчам аракет көрүүсү үчүн иштелип чыккандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий