• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Экономикалык амнистия: Мамлекеттин казынасына 400 млн сомго жакын каражат түштү

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Козголгон кылмыш иштеринин алкагында өлкө казынасына 400 млн сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, экономикалык амнистия өз жыйынтыгын берүүдө.

"Бүгүнкү күндө козголгон жана тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча мамлекетке акча каражат түшүүдө. Жарлыктын алкагында 400 млн сомго жакын каражат мамлекеттин казынасына келип түштү. Ал эми кылмыш иши козголбогон, бирок коррупцияга аралашкан аткаминерлердин эч кимиси каражат төгө элек. Атайын органдар ар бир мыйзамсыз табылган мүлкүнө иликтөө жүргүзөт", - дейт Зулушев.

Эскерте кетсек, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров тарабынан бир айлык мөөнөткө экономикалык амнистия жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий