• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономикалык форумда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22 /Кабар/. Евразия экономикалык форумунда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө глобалдык чакырыктардын шартында, дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын жана сакнциялык басымдын күчөшүнүн шартында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өзгөчө актуалдуу болуп жаткан экономикалык коопсуздугун, тышкы шарттардан көз карандысыздыгын, алардын туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч туудурган процесстер жана факторлор боюнча маселелер талкууланды.

“Учурдагы абалда энергетика тармагындагы интеграциялык процесстер өзгөчө актуалдуулукка ээ болуп, евразиялык “бештикке” кирген өлкөлөрдүн энергетикалык ресурстарынын жалпы рыногунун ролу жана мааниси жана алардын биргелешкен энергетикалык саясат жүргүзүүсүнүн актуалдуулугу өсүүдө”, - дешет катышуучулар.

ЕАЭБ энергетика министрлери бул биринчи кезекте атаандаштыкка жөндөмдүү энергетикалык рынокторду түзүү аркылуу жалпы энергетикалык мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдалануу болуп саналат деп эсептешет.

Муну менен катар мүчө-мамлекеттердин биргелешкен күчү ЕАЭБдин алкагында ресурстук базаны түзүү, суроо-талапты жана сунушту болжолдоо, энергетика тармагына инвестиция тартуу, энергия менен камсыздоонун коопсуздугун жана жаңы технологияларды өнүктүрүү маселелерине багытталат.

"Ошондой эле ири энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жеке бизнес тарабынан мунай жана газды ташуу инфраструктурасын кеңейтүү жана өнүктүрүү долбоорлоруна инвестициялоонун келечеги, энергетика тармагындагы импортту алмаштыруу, ошондой эле көмүр суутектеринин экспорттук агымдарын кайра багыттоо аркылуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча бизнес-диалог пландаштырылган”, - деп белгиленди иш-чарада.

Пикир

Оставить комментарий