• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономикалык форумдун алкагында ар кыл тармакта 10дой меморандумга кол коюу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Евразиялык экономикалык форумдун алкагында ар кыл тармакта 10дой меморандумга кол коюу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Евразиялык экономикалык комиссиянын протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.

Анын айтымында, келишимдер коммерциялык эмес документтер болуп саналат жана келишим мүнөзүнө ээ.

- Туризмди өнүктүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- ЖОЖдор аралык консорциумду түзүүгө көмөктөшүүчү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйынынын жыйынтыктары жөнүндө макулдашуу;

- Евразия экономикалык комиссиясы менен Евразия элдеринин ассамблеясынын ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Россиянын Соода-өнөр жай палатасы менен Бейөкмөт уюмдардын эл аралык союзунун (Евразия элдеринин ассамблеялары) ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Евразия экономикалык комиссиясынын ишкерлер кеңеши менен Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы “Технопарк” илимий-технологиялык борборунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

- жана ушул сыяктуу көптөгөн башка документтер.

Пикир

Оставить комментарий