• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономикалык кылмыштуулук линиясы боюнча МКК алдыда – жыл башынан бери 30 кылмыш иши

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 5 айынын ичинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) линиясы аркылуу 24 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу КР укук коргоо, фискалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координациялык кеңешинин жүрүшүндө ЭККМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан мамлекетке 57 млн. 938 миң сомго чыгым келтирилген, алардын ичинен 48 млн. сом же болбосо 82% мамлекетке кайтарылган.

“4 айдын ичинде өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине карата 10 кылмыш иши козголгон, саламаттык сактоо линиясы аркылуу – 7, мэрия шаарлары боюнча – 8, билим берүү – 4, Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) – 30, Транспорт министрлиги – 11, Мамэкотехинспекция – 2, энергетика линиясы аркылуу – 3, Маданият министрлиги – 3, бажы кызматы – 1, салык - 5, ИИМ – 4. Эгерде ИИМ боюнча толук айта турган болсок, экөө пара алууга байланыштуу – эки кызматкер Бишкек милициясынын кызматкери, бирөө Сокулук райондук кызматкери жана дагы бирөө Баткен райондук”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий