• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан комиссиясынын III жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарында экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйыны өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглынын жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын абалы жана келечеги боюнча маселелер, ошондой эле транзиттик-транспорттук ташуулар жана коммуникация чөйрөсүндөгү өз ара аракеттешүү мүмкүндүктөрү талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтыктын динамикасын, ошондой эле дайыма жогорку деңгээлдеги диалог жана байланыштар эки жактуу кызматташуунун бийик даражасын көрсөтөрүн» белгиледи.

Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы жылуу тосуп алууга ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн чарбалык субъекттеринин жана ишкерлеринин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого даярдыктарын айтты.

«Биздин өлкөлөрүбүздү жылуу жана боордоштук алакалар, ал эми элибизди көптөгөн руханий жана маданий байланыштар бириктирип турат. Буга байланыштуу Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине динамика киргизүү маанилүү деп эсептейм. Бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу өз ара аракеттешүүлөрдү мындан ары карай активдештирүүгө оң дем берерине ишенем», – деп белгиледи Эюбов Ягуб Абдулла оглы.

Муну менен бирге биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-азербайжан, анын ичинде жеке сектордун жана бизнес-чөйрөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле соода-экономикалык миссияларды, бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү өткөрүү аркылуу Кыргызстан жана Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүү үчүн кошумча аракеттерди көрүү керек.

Талкуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылы бизнес-форум өткөрүүнү сунуштап, азербайжан тарапты 2020-жылы өткөрүлө турган жыл сайын өтүүчү Ысык-Көл Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырды.

Тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен бегилешти жана эки тараптуу кызматташуунун бардык чөйрөсүндө өз ара байланышты чыңдоонун маанилүүлүгү айтылды.

Жыйындын соңунда Өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиянын III жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий