• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммити болуп өттү

Президент 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 14-саммитинин видеоконференция форматында өткөн ишине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов, Афганистан президенти Ашраф Гани, Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Иран президенти Хасан Роухани, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Пакистандын премьер-министри Имран Хан жана ЭКУ башкы катчысы Хади Солейманпур катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ЭКУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлерин коронавирус пандемиясынан келип чыккан экономикалык жана социалдык кризистен чыгуу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө чакырып, Уюмдун бул багытта жигердүү иш алпарууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгиледи.

Саммитте ошондой эле биргелешкен экономикалык, гуманитардык жана соода кызматташтыгын күчөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий