• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экономикалык мамилелерди кеңейтүү. Ишкер Түркмөнстандан Бишкекке эмне жүк келгенин айтты

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Жакында эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга сапары болду, анын жүрүшүндө ал кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышты. Аталган аянтча мамлекеттик деңгээлде дагы, ишкерлер ортосунда дагы бир катар маанилүү келишимдер үчүн платформа болуп калды. Мунун алкагында Кыргызстанга Түркмөнстандан жүк келди. Ашхабаддан келген учак эмне алып келгенин кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешинин президенти Данил Ибраев айтып берди.

«Кыргыз-түрмөн экономикалык форумунун алкагында биз Кыргызстан менен Түрмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңеши, өнөктөш уюм катары пандемиялык кырдаалды эске алуу менен Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкерлеринин ортосунда ар кандай келишимдерине кол коюу үчүн аянтча түздүк. Жалпы 15 келишимге кол коюлду. Бул келишимдер мамлекеттердин ортосунда эмес, насыялардын же кайрымдуулук уюмдарынын алкагында эмес. Бул коммерциялык келишимдер. Айрым ишкерлер алардын ишмердүүлүгүнүн түрлөрүн жана базарын көрүп, Түркмөнстандык ишкерлерден тиешелүү продукцияны сатып алышты. Бул келишимдердин жалпы көлөмү 21 млн сомду түзөт. Азыр жалпы жүктүн үчтөн бири гана келди. Бул эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн келишимдердин аткарылышы”,-деди ал.

Кандай жүк келгендиги тууралуу ал бул – сантехникалык материалдар – желим түтүктөр, курулуш материалдары, ар түрдүү пластик буюмдар экенин белгиледи.

“Биз Түркмөнстанда полипропилендер абдан сапаттуу экенин билебиз, сатып алуу үчүн баасы дагы биздин ишкерлердин кызыкчылыгына дал келет”,-деди өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешинин башчысы.

Мындан тышкары, помидор, сабиз жана башка жашылчаларды сатып алууга келишим түзүлгөн. Ошондой эле кондитердик азыктар, түркмөн кездемелеринин үлгүлөрү келди. Бул товарлар боюнча келишимдер түзүлдү. Мындан тышкары, бут кийимдерди өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү, түркмөн текстилдерин пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын аймагында кийим тигүү боюнча келишимдер бар. Ошондой эле кыргыз товарларын Түркмөнстандын аймагына жеткирүү тууралуу макулдашылды. Болжол менен 18 тонна сантехника, 16 тонна жашылча, 2-3 тонна кондитердик азыктар жана башкалар келди.

“Бул борттун келишинин маңызы эмнеде? Түркмөн тарап биздин ишкерлерге жардам берүүнү каалап, буга унаа бөлүп берди. Жеткирүүнү тезирээк жасоо үчүн учак. Ишкерлер карап, эсептеп, алар үчүн пайдалуу болуп чыкты. Биз жеткирүүлөр туруктуу жана унаалар менен дагы ташылат деп күтүп жатабыз”,-деди ал.

“Биз президент Садыр Жапаровдун иш сапарынын алкагында өткөн бул форумдун алкагында ушундай келишимдерге кол кое алгандыгыбызга жана бул жүктү жеткирүүгө көмөктөшкөн түркмөн тарапка терең ыраазычылык блидиребиз. Бул товарлардан бажы алымдары, жыйымдар жана салыктар алынат, өз кезегинде бул бюджетке толуктоо болот. Бул албетте жакшы. Биз айрым тиешелүү товарлардын Кыргызстанда өндүрүлүшүн каалайбыз. Буга байланыштуу биз үлгүлөрдү алып келдик”,-деди Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий