• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономикалык мунапыс - бул коомду тазалоо маселеси - эксперт

Коом 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда расмий түрдө өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялаган. Бул мунапыс мамлекеттик бюджеттин ордун толтурууга жана кошумча киреше алууга багытталган.

Салык кеңешчилери палатасынын төрайымы, эксперт Татьяна Кимдин пикирине караганда, экономикалык мунапыстын актысы экономикалык гана эмес, саясий да мүнөзгө ээ.

"Бул мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүү жана учурдагы шартта жазаларды аткаруу прицибин ишке ашырууну камсыздоочу коомдук жарыя. Ал эми экономикалык жактан алганда, белгилүү бир натыйжалар болушу мүмкүн", - деп билдирди ал.

Салык кеңешчилери палатасынын башчысы билдиргендей, мыйзам экономикалык кылмыштардын үч категориясына карата колдонулат.

"Биринчи категорияга жалаң гана экономикалык кылмыштар кирет. Бул ченемдер ар дайым күчүндө болот жана мыйзам бузууга барган жак келтирилген зыяндын ордун бир жолку тартипте жапса, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Башкача айтканда, бул мыйзамдын маңызы экономикалык кылмыштарды декриминалдаштырууда. Экинчи категория да кызматтык абалына байланышкан экономикалык кылмышка байланыштуу. Тактап айтканда, адам кандайдыр бир бийликке ээ болгон учур. Бул категорияга ылайык, келтирилген зыяндын ордун эки эселеп төлөп берсе, адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Үчүнчү категория - пара алган, түздөн-түз коррупциялык бузууларга барган мамлекеттик кызматкерлерге гана таандык. Алар 60 күндүн ичинде келтирилген зыяндын ордун үч эселеп толтурса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат",- деп түшүндүрдү Ким.

Эксперттин айтуусуна таянсак, мыйзам бузгандарга жана зыяндын ордун мөөнөтүндө толтурбаган жактарга карата өз убагында катуу чара көрүлө турган болсо, анда бул кадам өзүнүн оң натыйжасын берет.

"Албетте, мында экономикалык эффект болушу мүмкүн, бирок бул жерде көбүнесе коомду тазалоо маселеси турат. Ошондой эле келечекте мындай кылмыштардын алдын алуу", - деп сөзүн жыйынтыктады Ким.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий