• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экономикалык өсүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБте алдыда

Коом 0

2016-жыл өлкөбүздүн экономикалык көрсөткүчү үчүн жакшы жылдардан болду. Бул тармакта эгемендүүлүк алгандан бери мындай өсүш болгон эмес. Өкмөт бел чечпей иштеп, татыктуу жыйынтык чыгара алды. Тактап айтканда экономикадагы жалпы көрсөткүч 3,8% өсүшкө ээ болду. Бул жыйынтык ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Маселен, Россия экономикасындагы мындай темп 0,2% өсүштү берсе, биримдиктеги Белорусиянын экономикасы тескерисинче, 2,6% төмөндөп кеткен. Ал эми коңшу Казакстанда жыл ичиндеги экономикалык өсүш 1 % түзсө, Армениянын бул жааттагы өсүшү 0,2% өсүштү камсыздаган. Кыргызстанда экономикалык өсүш жаатынан коңшу Казакстанды мындай кой, ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдөн ат чабым алдыга озгондой чеке жылыткан иштер байкалган. Экономикалык жааттагы мындай өсүш үстүбүздөгү 2017-жылы да ушундай темп менен келе жатат. Тагыраагы, 1-жарым жылдыктын жыйынтыгы менен ИДП өсүшү дээрлик 6,5% түздү.

Талыкпаган эмгек, иштин көзүн билүү менен кадам таштоо тиешелүү жыйынтык алып келип, казынадагы кирешенин көлөмүн арттырууга да негиз берди. Мисалы, 2016-жылы мамлекеттик казынага түшкөн салыктык кирешелердин көлөмү 93 810,0 млн. сомду түзсө, 2015-жылы ушул эле жааттагы көрсөткүч 84 655,2 млн. сомду түзгөн эле. Өткөн 2016-жылдагы көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 10,8 % өсүп, дээрлик 11 % га жогорулаган. Дал ушундай динамикалуу өсүш быйылкы жылдын алгачкы 6 айында эле сакталып, мамлекеттик казынанын киреше бөлүгү 2017-жылдын 6 айында салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 47 041,6 млн сомго жетсе, өткөн 2016-жылдын 6 айында мындай көрсөткүч болгону 43 046,1 млн сомду түзгөн. Бул жааттагы бир жылдык өсүштүн көлөмү 9,3 %га жеткен.

Албетте, кыргыз өкмөтүндө азыркыдай иштерман команда турганда алдыда да буюрса, мындай өсүштөр этап-этабы менен ишке аша берээрине ишенсек болот. Ушундай сандардын көрсөткүчү менен эле экономикадагы жалпы өсүш тенденцияны ажыратып алсаңар болот. Биз болгону сандардын тили менен жөнөкөй гана салыштырууларды келтирүүдөбүз. Ал эми мамлекеттик казынадан 2016-жылы жалпы суммасы 131 млрд. каражат чыгымдалып, 2015-жылга салыштырмалуу 18 млрд. сомго же 16 % өлчөмүндөгү көп каражат өздөштүрүлгөндүгүн билдирет. Мунун ичинде мамлекеттик казынанын корголгон беренелери толугу менен каржыланган. Ал эми жумшалган чыгымдардын көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 7,5 млн. сомго же дээрлик 10% га көбөйгөн. 2016-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча 8 млрд. сомдук каражат чыгымдалган. Мындай көрсөткүч 2015-жылы 4 млрд сом чыгымдалганы менен белгилүү эле.

Мындай саамалыктарга жетишибизге албетте, эң ириде кыргыз өкмөтүнүн салымы ат көтөргүс экенин адилеттүүлүк үчүн айта кетүү абзел. Башталган иштер ушул нукта улана турган болсо биз кыялданган күн деле алыс эместей. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык болсун. /К/

Пикир

Оставить комментарий