• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экономикалык өсүш 2017-жылы 4,6%, ИДП 521 миллиард сомду түздү - Өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Ишеним жана биримдик» жана «Жаңы доорго кырк кадам» программаларынын негизинде иш жүргүздү. Аталган программалардын аткарылышы 90,1% түздү. Өкмөттүн бүгүнкү Отчету жаңы форматта түзүлдү. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын бир катар эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрү жакшырды. «Бизнести жүргүзүү» көрсөткүчүндө биз эки позицияны жоготуу менен 75-орундан 77-орунга түштүк. Буга «Электр энергиясына кошулуу», «Салык администрациясы», «Келишимдерди аткарууну камсыздоо» компоненттеринин төмөнкү көрсөткүчтөрү өз таасирин тийгизди. Буга катар 2017-жылы төмөнкү көрсөткүчтөр «Төлөмгө жөндөмсүздүктү чечүү» 11 позицияга жана «Кредит алуу» 3 позицияга жакшыргандыгы байкалган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы экономикалык эркиндик рейтинги боюнча өз позициясын жакшыртып, 89-орундан 78-орунга көтөрүлсө, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк көрсөткүчү боюнча биз 9 позицияга жогоруладык. Индикаторлордун жогорулашы макроэкономикалык туруктуулукка жана финансылык рыноктун өсүшүнө жараша мүмкүн болду», - деди ал.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, 2017-жылдын негизги макроэкономикалык жыйынтыгы катары экономикалык өсүштүн оңдуу динамикасынын жана туруктуулугунун сакталышы болду.

«Экономикалык өсүш 2017-жылы 4,6% түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1% га жогору болду. Мында ИДП 521 миллиард сомду түздү. Мындан тышкары, жан башына карай ИДП 1178 ден 1272 АКШ долларына чейин эсептелип, 8% дан ашуун жогорулады. Экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактарында камсыздалып, ал эми өнөр жайдагы реалдуу өсүш 11,5% түздү», — деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий