• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономикалык өсүштү камсыздаган өкмөт, өнүгүү жолундагы Кыргызстан

Аналитика 0

Эгерде иш-аракет пландуу, максаттуу жана күжүрмөн эмгек менен жасалса, анын жемиши сөзсүз түрдө натыйжалуу болот. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган мамлекеттик сапарын жыйынтыктап жатып, журналисттер менен болгон жолугушуусунда учурдагы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун дарегине «анын бир кемчилиги – өзүн өзү пиар кылганды билбейт» деген сын айтып кеткенин билебиз. Ырас, Сооронбай Шариповичтин мурдагы премьер-министрлерден башкы айырмачылыгы – өзүн өзү мактоону жактыра бербегени, ар бир жасап аткан ишин пиар кылууну сүйбөгөнү экени талашсыз. Бирок, иштин майын чыгара жасай турганын, талапты катуу кое аларын ал өкмөттү жетектеп турган бир жылдан ашуун убакыттан берки көрсөткүчтөр таасын көрсөтүп турат.

Өкмөттүн ишмердиги 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияда каралган стратегиялык ориентрлер жана приоритеттерди жүзөгө ашырууга багытталган. Ошону менен бирге эле «Ишеним жана биримдик» аттуу өкмөттүн өзүнүн программасы бар. Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башына келиши менен экономикалык өсүштүн оң динамикасын сактай алдык. Эгерде 2016-жылдын башында өлкөбүздүн экономикасы төмөнкү трендди, тактап айтсак январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча -4,9%ды көрсөтүп келген болсо, 2016-жылдын августунан тарта экономикабыз өсүү траекториясына чыгып (+0,4%) жана ошондон тарта оң тенденцияны көрсөтүп келатат. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку экономикалык өсүшкө – 3,8%ка жетишти. Салыштырмалуу айта кетсек, Россия – 0,2%, Белоруссия – 2,6%, Казакстан – 1%, Армения – 0,2% өсүшкө жетишкен.

Ошону менен катар эле экономикалык өсүштүн тенденциясы 2017-жылы да уланууда. Тактап айтсак, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында ИДПнын өсүшү 6,4%ды түздү.

Салык кирешесиндеги өсүүлөр жана үстөгү төмөндөгөн кредиттер

Эгерде бардык иш-аракет ачык-айкын жасалса, анда сөзсүз түрдүү тармактардын көрсөткүчү жогорулай турганы белгилүү. Көмүскө экономика көрүнөө экономикага айланганда гана өлкө экономикасы тынымсыз өсүүнүн үстүндө болот. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгенден бери салык кирешесинин көлөмү да көбөйдү. Маселен, өткөн 2016-жылы салык кирешеси 93 810,0 млн сомду түздү. Эгерде 2015-жылга салыштыра турган болсок, 9 154,8 млн сомго көбүрөөк салык чогултулган. Пайыздык көрсөткүч менен алганда 10,8%ка жогору. Ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында чогулган салыктардын суммасы 47 041,6 млн сомду чапчыды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул убакыт мерчемине салыштырганда 3 995,5 млн сомго, же 9,3%ка жогору дегенди түшүндүрөт.

Мындан сырткары калкка жеңилдетилген кредиттерди берүү багытында да алгылыктуу иштер жасалды. Жалпысынан 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 1 678,9 млн сомдук 1335 ипотекалык кредиттер берилди. Анын ичинен билим берүү секторуна гана 573 кредит, ал эми саламаттыкты сактоо секторуна 273 кредиттер берилген. Ошол эле убакта КР өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы №409-р буйругу менен пайыздык ченем 12-14%дан 10-12%ка чейин төмөндөтүлдү. Жалпысынан берилген кредиттердин ичинен 10%дык өлчөм менен берилген кредиттер 27%ды түзөт.

Кыргызстанды ЕАЭБдин алкагында күчтөндүрүү багытында да алгылыктуу иштер жүрүп атканы маалым. Ошолордун бири катары «Кепилдик фонду» («Гарантийный фонд») ААКсы түзүлгөнүн айтсак болот. 2017-жылдын 10-июлуна чейин 95,7 млн сом суммага 86 кепилдик берилди. Ага байланыштуу чакан жана орто ишкерчилик менен алектенгендер 340 млн сомдон ашуун суммада кредиттерди алышты.

Тышкы экономикалык ишмердүүлүктөгү абал

Кыргызстан дүйнөнүн 138 мамлекети менен соода-экономикалык байланышты түзүп келет. Өлкөбүздүн 2016-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү 5,46 млрд АКШ долларын түзгөн. Эксперттик ташуулар 1544,6 млн долларды түзүп 5,1%ка көбөйгөн. Бул көбүнчө ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларды экспорттоонун натыйжасында болгонун айта кетели. Эгерде цифралар менен айта турган болсок, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоонун көлөмү 4,3%, Европа биримдигинин мамлекеттерине 44,3%, ал эми башка мамлекеттерге 5,3% көбөйгөн. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмүнүн реалдуу көбөйүшү Кыргызстан (5,1% менен) жана Арменияда (20,1% менен) гана байкалган. Ал эми Россия менен Казакстанда өсүш эмес, аркага кетүү байкалган.

2017-жылдын башынан май айына чейинки Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2272,3 млн долларды түзүп, өткөн 2016-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 15,8%ка көбөйгөн. Ал эми экспорт 657,7 млн долларга жетип, 30%ка өскөн. Анын ичинде ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттерге экспорт 224,8 млн доллар болсо (өсүш 29,3%), башка мамлекеттерге 432,9 млн долларды чапчыган (өсүш 30,3%).

Өткөн 2016-жылдын 12-майында премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Тажикстанда CASA-1000 долбоорун баштоо баскычы салтанаты болуп өттү. Бул долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан жайкы сезондо Афганистан жана Пакистанга ашыкча электр энергиясын экспорттоосуна мүмкүнчүлүк берет. Ошондон туура бир жыл өткөндөн соң, тактап айтсак үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда өкмөт башчы С. Жээнбеков CASA-1000 долбоорунун катышуучу-башчыларынын Дүйшөмбү шаарында өткөн жолугушуусуна катышып келди. Мамлекет жана өкмөт башчылары бул долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча мындан аркы чаралар тууралуу биргелешкен Коммюникени жактырышты.

Алгалаган айыл чарбасы атаандаштыкка туруштук берип...

Кыргыз экономикасын алдыга сүрөй турган тармактардын бири – бул айыл чарбасы экендиги талашсыз. Андыктан кыргыз өкмөтү айыл чарба тармагын жакшыртуу багытында да алгылыктуу иштерди жасап келет. «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун линиясы боюнча 2016-жылдын жыйынтыгында 4,8 млрд сомдук 13246 кредит берилди. Эгерде 2015-жылга салыштыра турган болсок, туптуура 1 млрд сомго көбүрөөк кредит берилген. Анын ичинде өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча 528,7 млн сомдук 1499 кредит, мал чарбачылыгына 3777,7 млн сомдук 11661 кредит берилген. Ал эми кайра иштетүүгө 525,5 млн сомдук 85 кредит берилди.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 6-июлуна чейинки эсеп боюнча жалпысынан 3,45 млрд сомдук 8284 кредит берилди. Анын 647,1 млн сомдук 1963 кредити өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, 2265,1 млн сомдук 6173 кредит мал чарбачылыгына жана 547,8 млн сомдук 148 кредит кайра иштетүүгө берилген.

Эми «Айыл чарбасын каржылоо - 5» долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттерди берүүнүн көлөмү 7 млрд сомго чейин жеткирилет. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген ишкерлер ала турган кредиттердин пайыздык үстөгү 6%га чейин төмөндөтүлөт. Кредиттерди төлөп кутулуунун мөөнөтү бардык тармактар үчүн 36 айга чейин узартылат.

Өнөр жай жаатындагы өзгөрүүлөр

Акыркы бир жарым жылдан бери карай Кыргызстандын өнөр жайында да бир топ алдыга жылуулар болуп атканы байкалууда. Маселен, 2016-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 205,3 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн. Натыйжада «Кумтөр» ишканасынын 108 млрд сомдук өндүргөн продукциясын эсепке албаганда өнөр жай продукциясынын көлөмү 9,7%ка өскөн.

Ал эми 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөр жай ишканалары тарабынан 104,6 млрд сомдук продукция өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2016-жылдын ушул эле убакыт аралыгындагы мезгилге салыштырмалуу 31,6%ка өсүү болгонун көрсөтөт, албетте «Кумтөр» ишканасынын 47,9 млрд сомдук продукциясын эсепке албаганда.

Өнөр жай өндүрүшүнүн мындай өсүшү (2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында) негизги металлдардын 1,5 эсе, металлдык кендин 4,4 эсе, тазаланган нефтепродуктулардын 1,4 эсе көбүрөөк өндүрүлүшүнүн натыйжасында болгон. Мындан сырткары азык-түлүк продукциялары 10,3 пайызка өскөн. Буга мөмө жана жашылча жемиштерди консервалоо 1,8 эсе көбөйгөнү, ун өндүрүү 30,4 пайыз жана сүт азыктары 20,4 пайызка көбөйгөнү негиз болгон. Кийимдерди даярдоо да 30,6 пайызка өскөнүн айта кетели.

Коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүүдө?

2016-жылы экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызмат экономикага залакасын тийгизүүчү кылмыштуулук менен күрөшүү маселесин алып барган жападан жалгыз укук коргоо органы болуп калган. Тактап айтсак ушундай чечим кабыл алынган. Ушул эле чечим менен экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтын облустук башкармалыктары жоюлган. Натыйжада табылган кылмыштардын саны көбөйгөн. Мисалы, 2016-жылы аталган кызмат тарабынан мамлекетке келтирилген 1 млрд 857,7 млн сомдук чыгым кайра кайтарылган, ал эми 2017-жылдын алты айында эле 907 млн сомдук келтирилген зыян кайра аркага кайтарылды.

Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 2016-жылы укук коргоо органдары тарабынан 1239 кылмыш иши кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон. Бул кылмыш иштеринин алкагында мамлекеттик бюджеттин кирешесине 3 млрд сомдун тегерегинде акча кайтарылган. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 6 айында кызматтык кылмыш боюнча 916 кылмыш иши козголгон. Ал эми 2016-жылдын ушул убактысына салыштырганда 4,6% га аз. 2017-жылдын 6 айында жогорудагы кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндардын суммасы 339 млн 863 миң сом болгон. Анын 93 млн 670 миң сому бүгүнкү күнгө чейин кайра мамлекетке кайтарылды.

Айтор, Сооронбай Жээнбековдун жетектөөсүндөгү өкмөт улам жаңы ийгиликтерди, өсүүлөрдү жаратуунун үстүндө иштөөдө. Баса, ушул жерден кошумчалай кете турган жагдай, жарандардын жол коопсуздугун сактоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 2017-жылдын алты айында адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыктары 24,4%ка (331ден 250гө) кыскарган.

Демек, бир жарым жылдын ичинде көзгө даана көрүнө турган алгылыктуу иш-аракеттерди жүзөгө ашырса боло турганын билдик. Эгерде ушул темпти жоготпой, дагы да алдыга жыла берсек, жакынкы жылдары чындыгында эле экономикабыз бир топ өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп калаарыбыздан шек жок.

Пикир

Оставить комментарий