• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Экономиканын бардык тармактарын санариптик платформага өткөрүү зарыл - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча чаралары тууралуу чечимдерин ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Санариптик трансформациялоонун концепциясы кабыл алынган жана санариптик өнүгүү жана бардык министрлик жана ведомстволордун тейлөө көрсөтүүнүн электрондук форматына тез арада өтүүсү боюнча так милдеттер коюлган.

Премьер-министр мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупцияны жоюуга жана бизнес жана жарандар үчүн бардык бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салууга мүмкүндүк берүүчү «Түндүк» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эскертти.

«Экономиканын бардык тармактарын санариптик платформага өткөрүү зарыл, биринчи кезекте бул мамлекеттик тейлөө көрсөтүү тармагына тийиштүү. Бизнес жана жарандар үчүн мамлекеттик тейлөөнүн 189 түрү электрондук форматта көрсөтүлүшү керек. Бул көптөгөн убакытты, аракеттерди жана каражатты талап кыла турган абдан көлөмдүү жана жооптуу иш. Буга катар биз бардык ресурстарды мобилизациялап, деталдык жумушчу план түзүп, анын так аткарылышына жетишүүбүз зарыл», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча «Түндүк» тутумуна өз убагында кошулуу чараларын бардык эле мамлекеттик органдар көрбөй жаткандыгы көрүнүп турат.

«Жыл жыйынтыгы боюнча бул багытта ким, кандай иштеп жатканы жана эмне иштер аткарылганы тууралуу белгилүү болот. «Түндүк» тутумуна кошулуу бардык мамлекеттик органдар үчүн артыкчылыктуу тапшырма экенин так түшүнүү зарыл. Биз электрондук түргө баскыч-баскычы менен өтүүгө тийишпиз, себеби бул коррупцияны жеңүүгө жана экономиканы жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга көмөк берет. Санариптик трансформация аркылуу жарандарыбыздын жана ишкерлердин көптөгөн зарыл маселелери чечилүүдө. Өкмөт өз тарабынан санариптик трансформациялоону сапаттуу илгерилетүү үчүн бардык керектүү ресурстарды тартууга милдеттенет. Бул жөнөкөй долбоор эмес, бирок ал биздин жарандарга жана анын экономикасын өнүктүрүүгө зарыл», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы 2019-жылдын 1-июлуна чейин бардык мамлекеттик органдарга маалыматтар базасын синхрондоштуруу менен «Түндүк» тутумуна кошулууну камсыздоону тапшырды, ошону менен бирге коюлган тапшырмаларды аткарууда мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчиликти алышарын баса көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий