• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экономиканын кайсы тармактары өкмөттүн жеңилдетилген насыяларын ала алат? Асрандиевдин жообу

Экономика 0

Бишкек, 11.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын май айында КРнын өкмөтү экинчи антикризистик планды бекиткен. Ал пландын алкагында жеңилдетилген каржылоого өзгөчө басым жасалган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, жеңилдетилген насыялар насыя берүүчү мекемелер (банк, микрофинансылык ишканалар) аркылуу берилет. Мекемелер насыяларды өкмөт бекиткен шарттын негизинде гана бериши керек. Жеңилдетилген насыялар биринчи кезекте өндүрүш, кайра иштетүү жана экспортко багытталган тармактарга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган тармак, медициналык буюмдарды өндүргөн тармак, туризм тармагына берилет жана соода менен тейлөө тармактарга да берилиши мүмкүн.

"Ошол эле учурда бул программага күрөөсүз микронасыялоо деген өзүнчө компонент киргиздик. Аталган компонент чакан ишкерлерге багытталган. Насыялар толук улуттук валюта (сом) менен берилет. Пайыздык үстөктөрү 6дан 10%га чейин. Микрокредиттик компанияларда 14%ды түзөт. Мөөнөттөрү микронасыялары боюнча 12 айга чейин, ал эми чоң суммалары 3 жылдан 5 жылга чейин. Ошондой эле 1 - 1,5 жыл каникулдар бар", - дейт ал.

Эскерте кетсек, КРнын өкмөтү "Ишкердик субъекттерин каржылоо" программасын бекиткен. Бул программаны ишке ашыруу экономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоого, ишкердик субъекттерин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий