• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экономиканын өсүшү 2021-жылдын ортосунда болжолдонууда - Алыбаев

Экономика 0

Бишкек, 24.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Экономиканын өсүшү 2021-жылдын ортосунда болжолдонууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, өсүш 4,5 пайызды түзөөрү болжолдонууда. Алыбаев ошондой эле алдыдагы шайлоо экономикага оң таасирин тийгизерин белгиледи.

"Анткени талапкерлер акча каражаттарды жарнама кызматтарына, транспортко, мейманкана чыгымдарына жана башкаларга жумшоодо", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий