• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономист: Эл жаңы президентке үмүт артып турат

Коом 0

Бишкек, 29.01.21 /Кабар/. Бишкекте күн мурун, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземи өттү. Мындан улам калк жана эксперттер арасында өлкө кандай багытта өнүгөт, тышкы саясат кандай болору тууралуу көптөгөн суроолор жаралды. Бул сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн "Пикир" аймактык эксперттер клубу тарабынан "Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин: саясий консенсуска келеби жана тышкы саясий артыкчылыктар кандай?" деген теманын алкагында конференция өткөрүлгөн.

Экономист Кубат Умурзаков Кыргызстандын саясаты кандай өнүгөрү тууралуу пикири менен бөлүштү.

«Бизде көйгөйлөр топтолуп калды. Бийликте тургандардын баарында мүмкүнчүлүк болду. Биз ушул кезге чейин Советтер Союзу учурунда түзүлгөн байлыктарга жана жаратылыш байлыктарына көбүрөөк көңүл буруп келдик. Бирок мурдагы президенттер экономикалык көйгөйлөрдү гана кошуп келишти. Азыр буга дагы экономикалык кризис кошулду. Көпчүлүк адамдардын "коопсуздук жаздыгы" жок. Ошондуктан да эл жаңы президентке үмүт артып турат. Бирок учурдагы дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү эске алсак, анда бизге каржы жагынан жардам алууда бир топ кыйын болуп калат», - дейт экономист.

Умурзаков ошондой эле жаңы долбоорлордун эсебинен жаңы жумуш орундарын түзүүгө аракет кылуу кыйынга турарын айтты.

«Ошол эле учурда ири долбоорлорго үмүт аз экендигин түшүнүү керек. Аракет кылып көрүш керек. Биз кырдаалды жакшы жакка буруу үчүн колдон келгенди жасашыбыз керек. Президент убакытты текке кетирбей, бардык көйгөйлөрдүн үстүнөн иштей турган штаб сыяктуу бир нерсе түзүү керек. Тышкы сферага келе турган болсок, АКШ гегемон статусун жоготкондугун көрүп жатабыз. Дүйнөдө күчтөрдүн балансы өзгөрүүдө. Биз активдүү иштешибиз керек. Анан да тышкы саясатты тейлей турган тармакта мыкты кадрлардын болуусу абдан маанилүү», - деп Умурзаков өз пикири менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий