• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экотехинспекция 291 текшерүү жүргүзүп, 400 миң сомдон ашык каражатка айыппул салды

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жалпы 291 текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу билдирди.

Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында 133 көрсөтмө берилип, 31 протокол түзүлгөн.

"Айып пулдардын суммасы 416 миң 500 сомду түздү", - дейт ал.

Талантбек Иманакун уулу жарандардын кайрылуулары менен такси кызматы да текшерилгенин айтат. Алар жалпы 70-80 миң сомго айыпка жыгылган.

Пикир

Оставить комментарий