• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕКПА Төрагасы Педро Аграмунт: “Кыргызстан Орто Азиядагы демократиялык жолду тандап алган өзгөчө өлкө"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. 26-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы Педро Аграмунт менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Европа Биримдигине кирген мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосундагы көп тармактуу кызматташтык маселелерин талкуулашып, парламенттер аралык байланыштардын келечеги тууралуу да пикир алмашты.

Парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстан үчүн бул жаатта өнүгүп жаткан Европа өлкөлөрүн тажрыйбасы өтө маанилүү экенин айткан Төрага Чыныбай Турсунбеков «Парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү жаатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруубуз зарыл», - деп кошумчалады.

Ошондой эле «Тыгыз кызматташтыгыбыздын башкы жемиши эркин коомду жаратуу менен парламенттик-демократиялык багытта өнүгүү» деген Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы бардык демократиялык реформаларды колдоого алып келгендиги үчүн Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына ыраазычылык билдирип, Педро Аграмунтту Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегиндеЕвропа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы Педро Аграмунт Кыргызстан Орто Азиядагы демократиялык жолду тандап алган өзгөчө өлкө экенин белгилеп: «Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Кыргызстандагы бардык демократиялык демилгелерди колдоого даяр. Андыктан, сиздер менен жигердүү иш алып баруу аркылуу, эксперттик жардам көрсөтүү жаатында кызматташууга кызыктарбыз», - деди.

Ошондой эле Кыргызстандагы шайлоо өнөктүктөрүндөгү жетишкендиктерге жогору баасын берген Педро Аграмунт, быйылкы өтө турган Президенттик шайлоо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоолордой эле таза жана ачык өтөт деп ишенерин билдирип, аталган өнөктүккө Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы байкоочулар делегациясын жөнөтүүгө кызыктар экенин кошумчалады. Андан тышкары, Венециялык комиссиянын алкагында Кыргызстанды колдоого даяр экенин билдирди. Жогорку Кеңеш Төрагасынын Кыргызстанга келип кетүү тууралуу чакыруусун да кубануу менен кабыл аларын айтты.

Кошумчалай кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

Пикир

Оставить комментарий