• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Экс-депутат Иманкожоева: Депутаттардын кол тийбестиги алыш керек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. Парламенттеги депутаттардын кол тийбестиги алуу керек. Мындай пикирин Жогоку Кеңештин мурунку депутаты Эркингүл Иманкожоева "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкер, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар эл өкүлдөрү кол тийбестигин алууга каршы. Депутаттарга Башкы прокурор гана кылмыш ишин козгой алат. Бирок Башкы прокурорду эл өкүлдөрү колдоп берет. Бул жерде көз карандылык пайда болууда.

"Депутаттардын баары уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта деп айта албайм. Бирок алар менен ымаласы бар эл өкүлдөрү да жок эмес. Депутаттар айткан сөзүнө жооп берчү болсо эч ким унчукпай калат. Парламент — эркин микрофон. Аны колдоно билүү зарыл. Азыркы эл өкүлдөр коркуп, бир бурчка тыгылып калды. Эгер алар бизнесин коргойм десе ишкердикти тандашсын, азыр Бизнес-акыйкатчы да шайланды. Бизнесмен депутаттар парламентте көз каранды болот", — дейт Иманкожоева.

Анын белгилегенине караганда, бийлик шайлоо убагында уюшкан кылмыштуу топторду колдонот. Жогору жактагылар алдарды колдонууну токтотуп, мындай топторду мыйзамдуу чекке алып келүү зарыл.

Иманкожоева Кыргызстанда өндүрүш болгон завод-фабрикалар талкаланып, анын ири соода борборлору курулуп жатканын айтып, заводдун баары бай чиновниктердин колунда экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий