• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Экс-муфтий Максатбек Токтомушев үй камагына чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарды.

Эске сала кетсек, Максат ажы Токтомушев 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар экендиги айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий