• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экс-премьер Ж. Сатыбалдиев жана мурдагы депутат О. Артыкбаевдин иштери боюнча тергөө аяктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Осмонбек Артыкбаевдин кылмыш иши боюнча тергөө аяктады.

"Кабар" агенттигине Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, аларга коррупция боюнча айып тагылган.

"Иштин материалдары менен таанышуу башталды", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо 2013-жылы жайында башталып, төрт жылдан кийин аяктаган. ЖЭБди модернизациялоо боюнча Кыргызстандын өкмөтү кытайлык TBEA компаниясы менен 386 млн. долларлык макулдашууга кол койгон.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын "Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факттар боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы ЖК депутаты, экс-Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, ошондой эле "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсы башкармалыгынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, "Электр станциялар" ААКсынын мурдагы башкы директору, Жалал-Абад шаарынын мэри болгон Салайдин Авазов жана "Электр станциялар" ААКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Назаров кармалышкан.

Пикир

Оставить комментарий