• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экс-президент Атамбаев кайтаруусуз калдыбы? - УКМКнын жообу

Коом 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевдин камалышы менен экс-президент Алмазбек Атамбаев кайтаруусуз калды деп чыккан айрым маалыматтарга жооп берди.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, “Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө” мыйзамга ылайык, президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге, Жогорку соттун төрагасына, экс-президентке жана ЖК депутатынын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда, чет мамлекеттен жогорку кызмат адамдары келген учурда мамлекеттик жансакчы берилет.

“Ошол себептен мурунку президент А.Атамбаевдин коопсуздугун камсыз кылган жансакчылардын саны мурдагыдай бойдон калууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий