• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экс-президент Атамбаев КСДПнын лидери болуп дайындалды

Саясат 0

Бишкек, 31.03.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн, 31-мартта өткөн КСДПнын курултайында кабыл алынды,-деп билдиришти “Кабар” агенттигине партиянын штабынан.

Бүгүн КСДПнын XVII курултайы болуп өттү. Күн тартибинде делегаттар эки суроону карашкан: партия ишмердүүлүгүнүн отчетун жана партиянын лидерин дайындоо. Курултайдын жыйынтыгы боюнча Атамбаев КСДПнын лидери болуп шайланды.

Белгилей кетсек, партиянын курултайы ЖМК өкүлдөрүсүз жабык эшик артында өттү.

Атамбаев 2011-жылдан 2017-жылга чейин өлкө башчыcы болгон.

Пикир

Оставить комментарий