• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экс-президент Роза Отунбаева COVID-19га каршы эмделди

COVID - 19 0


Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева борбордогу №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунан коронавируска каршы эмдөө алды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Отунбаева кыргызстандыктарды COVID-19 каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

«Ден соолугуң болбосо экономика өспөйт, ишканалар жабылат, ал эми жумушсуздук күч алат. Бизди дагы кандай эпидемия күтүп жатканын эч ким билбейт. Ошондуктан, COVID-19дан арылуунун жана коопсуз жашоонун эң жөнөкөй, коопсуз жана натыйжалуу ыкмасы коронавируска каршы эмдөө алуу»,-деди эксп-президент.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 1 миң 820 адам эмдөөдөн өттү.

Пикир

Оставить комментарий