• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экс-президент: Сапар Исаков өз ишин аткарып жатат

Саясат 0

Бишкек, 31.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков өзх ишин аткарып жатат. Бул тууралуу КСДПнын съездинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында саясий биримдиктин лидери, өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Исаков балким жаңылышып жаткан чыгаар, бирок ал бир иш жасап жатат. “Ал долбоорлорду тез баштап жатат. Буга “Коопсуз шаар” ачык мисал. Бирок мен апрелде бул долбоор чындап ишке ашырыла баштарын билем. Ал деле жаңылышат, мен да ошондой иштегем”, - деди ал.

Атамбаев Сапар Исаковду кышкы жылуулук мезгилине начар даярдык көрүлгөнү үчүн айыптоого болбой турганын, себеби ал өкмөт башына 2017-жылдын 28-августунда келгенин, ал эми жылуулук мезгилине даярдык сентябрга карата аяктап каларын белгиледи.

Мурдагы президент Исаковго карата чабуул айрым депутаттар жана ЖМКлар тарабынан премьер-министр Бажы кызматынын башчысынын орун басары Раим Матраимовду кызматтан алганы үчүн жүрүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий