• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экс-президенттер Отунбаева менен Атамбаев ДКОнун ачылышына чакырылды

Саясат 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына чакырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле ДКОнун ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.

Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө, балким Туркияга өткөрүп берүү маселеси каралууда. Бул маселе Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында каралат.

Андан тышкары көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий