• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору келерки жумада каралышы мүмкүн – Масалиев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште келерки жумада каралышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине парламенттин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору ЖКга 22-сентябрда киргизилген, учурда парламенттин аппаратында процедурадан өтүп жатат.

Эл өкүлү депутаттар Конституциялык палатанын бул маселе боюнча чечимин эске алышарын белгиледи.

“Конституциялык палата өзүнүн чечиминде экс-президентти жоопкерчиликке тартуу тууралуу узун процедураны жазган. Ал эми биз экс-президентти катардагы жаранга теңдеп коюуну сунуштап жатабыз”, - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий