• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экс-вице-премьер Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Финполдон билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев Исмаилова пандемияга даярдык боюнча ишине суракка чакырыларын билдирген.

Козголгон иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кубатбек Боронов, экс-вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилова, экс-саламаттык сактоо министрлер Космосбек Чолпонбаев жана Абдикарим Сабиржанов, ошондой эле экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчилиги каралууда.

Пикир

Оставить комментарий