• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экс-вице-премьер Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарды - Финпол

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экс-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирет.

“Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Т.Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берди”, - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарат.

“Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын органдары “Токтогул районунун Торкен айылынын муктаж, аз камсыздалган жашоочуларына кайтарылып берилген жерлерди андан ары бөлүштүрүү процессин көзөмөлгө алууну көздөп жаткандыгын белгилейт”, - деп билдиришти ведомстводон.

Белгиленгендей, Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда, анын жүрүшүндө Т.Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгү аларды алуу мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Ошондой эле ведомстводон билдиришкендей, 2020-жылдын 9-декабрында саат 16: 00гө карата Т.Сарпашевге андан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ЭККМКнын тергөө башкармалыгына келүүгө чакыруу кагазы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий