• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экс-вице-премьер Зилалиевге таандык банктын уячасындагы 900 миң доллар (видео)

Коом 0


Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевге таандык коммерциялык банктын бириндеги уячада 889 миң 900 доллар сакталып турган.

Акчаны банктын уячасынан алынып аткан процесстин видеотасмасын УКМК басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, Зилалиев мамлекеттик кызматты ээлеп турганда бул акчаларды декларацияда көрсөткөн эмес. Каражаттарын 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банктардын филиалдарынын бириндеги банк уячасында сактаган.

Эске салсак, Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий