• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эксперт: Башкаруу формасы жөн гана курал, аны чеберчилик менен колдоно билүү керек

Коом 0

Өткөн жекшембиде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, андан тышкары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Эми элдерде көптөгөн суроолор пайда болду, алардын эң негизгиси бийликтин жоопкерчилигине байланыштуу. Буга байланыштуу эксперттер коому “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан уюшулган “КРнын жаңы Конституциясын кабыл алуу: жоопкерчиликтүү бийликтин пайда болушу үчүн эмне керек?” аталышындагы онлайн конференциянын жүрүшүндө жаңылыктарды талкуулоону чечишти.

Коопсуздук маселеси боюнча эксперт Талайбек Жумадылов өзгөртүүлөргө байланыштуу өзүнүн пикири менен бөлуштү.

“Мен эмне үчүн жамааттык батыш биздин реформага душман болуп жаткандыгы тууралуу айткым келет. Жалпысынан алгандар биздикиндей чакан өлкөдө башкаруу формасы кандай экени аларга үчүн бары бир. Эгер аларга президенттик башкаруу формасы пайдалуу болгондо, анда алар аны жакташмак. Башкаруу формасынын өзү жөн гана курал. Ал коопсуздукту камсыздап, өлкөдөгү абалды жакшырта алабы, өлкөнүн өнүгүшүнө алып келеби ушул тууралуу ойлонуш керек. Дагы бир суроо жаралат – жогорку жетекчилик ушул куралды колдоно алабы. Мен Жапаровго программалык сөзү менен элге кайрылуу жасаш керек деген сунушумду айтат элем”,-деди эксперт.

Жумадылов президент келечектин контурларын белгилеп, максат коюп, милдеттерди аныкташы керек деп кошумчалады. Мындан тышкары, учурдагы абалдан келечектеги өнүгүүгө чейин кандай кадамдар жасалыш керектиги тууралуу жол картасы зарыл.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий