• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эксперт Бишкектеги кара түтүндүн себептерин айтып берди - ЖЭБ жана жер үйлөр

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Бишкекте кара түтүн Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) мештери жана жеке үйлөрдүн от жагышынан улам болууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Кыргыз-орус славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Андрей Подрезов билдирди.

Анын айтымында, абанын булганышы ноябрь айынан тарта ЖЭБ менен жеке үйлөр от жага баштаганда өсөт.

"Абанын булганышына автоунаалардан чыккан газдар да таасир этет. Бирок алардын зыяндуулугу мештерге караганда анча чоң эмес. Анткени унаалар негизинен "кайнаган" чайнек сыяктуу буу чыгарып турат. Маселен, мындан улам Англияда үй-имараттарды бир гана электр тогу менен жылытышат", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, кээде борбор калаанын үстүндө кара түтүн пайда болуп, кайра жок болуп кеткени байкалат. Ал аба ырайынан улам болот.

"Ал абанын температурасы төмөндөгөндө же өтө төмөндөп, бирок шамал жок учурда пайда болот. Муздак аба жылуу абаны жогору "кетирип", мындан улам жеке үйлөрдөгү мештер төмөн орнотулгандыктан алардын түтүнү жогору кете албайт. ЖЭбдин 300 метрлик морлору түтүндү өйдө чыгарганы менен абанын булганышы жогору болууда", - деди ал.

Ал белгилегендей, кардын жаашы абаны дээрлик тазалабайт. Шаардын абасынын тазалыгына шамал таасир этет. Ал учурда чаңдын абада топтолушу 4-5 эсе кыскарат.

Пикир

Оставить комментарий