• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эксперт: Конституция – бул Кыргызстандын жеке иши

Коом 0

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо, андан тышкары Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөн. Эми элдерде көптөгөн суроолор пайда болду, алардын эң негизгиси бийликтин жоопкерчилигине байланыштуу. Буга байланыштуу эксперттер коому “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан уюшулган “КРнын жаңы Конституциясын кабыл алуу: жоопкерчиликтүү бийликтин пайда болушу үчүн эмне керек?” аталышындагы онлайн конференциянын жүрүшүндө жаңылыктарды талкуулоону чечишти.

Евразия аналитикалык клубунун жетекчиси Никита Мендкович өзгөртүүгө байланыштуу өзүнүн пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, Конституция – бул Кыргызстандын гана жеке иши. Эгер эл бийликтин ыйгарым укуктарын ушундай бөлүштүрүү өлкөдөгү жашоону жакшы жагына өзгөртөт деп эсептесе, анда мындай оңдоолорду сырттан эч ким бул демократиялык эмес, эстетикалык эмес жана башка деп атоого укугу жок.

“Азыр белгилүү бир кайра куруу жүргүзүлдү, мамлекет башчысы чоң ыйгарым укуктарга ээ болду, эми ушул ыйгарым укуктарды кылдаттык жана этияттык менен колдонуу маанилүү, айрыкча тышкы оюшчулар, биринчи кезекте АКШ өзгөрүүлөрдү четке кагуусунан улам коркунучтар пайда болду. Мен Москва менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуунун күчөшү Кыргызстан менен Американын ортосундагы мамилелерге таасир этпейт деп эсептейм, анткени америкалык тараптын жаңы бийлик менен мамилеси Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин дароо начарлап кетти. Эскерте кетейин, Америка элчилиги анын кылмыштуулук менен байланыштары тууралуу жарыялап, премьер-министрдин кызмат ордуна көрсөтүлүшүн айыптады. Демек, мунун тамыры кыргыз-орус мамилелеринде эмес, Вашингтондун чет мамлекеттерге аларды ким жана кандайча башкаруу керектигин айтып көнүп калгандыгында”,-деди Мендкович.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий